Кыргызстандын Аскердик сотуна жолдоно турган арызда Исмаил Исаковго карата чыгарылган Бишкек гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу талабы коюлат. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров “Азаттыка” билдирди. Белгилүү болгондой 11-январда Бишкек гарнизондук соттун судьясы Серик Абиев Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен жана генерал-лейтенат аскердик наамынан ажыратуу өкүмүн чыгарган. Исмаил Исаковдун өкүмдү саясий куугунтук катары бааларын сот залынан да билдирди.(AiT)