Ушул тапта Сопу-Коргондо 10 киши ачкачылык акциясын улантышууда. Буга чейин бир нечеси ден соолугунун начарлаганына байланыштуу кайрадан тамак ичүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров кабарлады. Анын айтуусунда милиция тарабынан нааразылык акциясына чыгып, жол тосууга катышкандарды бир-бирден чакырып, коркутуп-үркүтүүлөр дагы деле уланып жатат.
Ош шаардык ИИБ мындай маалыматтарды четке кагууда. Буга чейин Ош-Эркеч-Там жолун мыйзамсыз тосуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.(ZKo)
Ош шаардык ИИБ мындай маалыматтарды четке кагууда. Буга чейин Ош-Эркеч-Там жолун мыйзамсыз тосуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.(ZKo)