Кардын калың жаашына байланыштуу өлкөнүн бардык автожолдору көзөмөлгө алынып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” маалымадашты. Аталган министрликтин кызматкерлери тарабынан 17-январдан 18-январга оогон түнү Бишкек-Ош канжолуна түшкөн чакан кар көчкүлөр тазаланды. Министрлик Бишкек-Ош жолуна чыккан айдоочулардан аралыкты 500 метрден кем кармабоону өтүнүүдө. (ZKo)