Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Түркмөнбашынын Ашхабад борборундагы эстелиги алынат


Бул тууралуу түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун бүгүн жарыяланган жардыгында көргөзүлгөн. Ага ылайык, мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязовдун башкалаанын борборундагы эң бийик эстелиги март айында алынып, Ашхабаддын түштүк тарабындагы жаңы жайга көчүрүлөт. Түркмөнбашынын бийиктиги 75 метрлик түрөөчтүн үстүнө орнотулган, бийиктиги 12 метр келген жана алтын жалатылган тулкусу күндүн нуру менен бирге айланып туруучу. Ал ошондой эле мурдагы президенттин эң бийик жана эң белгилүү эстелиги эле. Эми эстеликти алуу жөнүндөгү чечим Түркмөнбашынын мурастарынан арылуу боюнча азыркы президент жасап жаткан кадамдардын азырынча акыркысы болуп калды.

XS
SM
MD
LG