Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Алайда элдин ары-берүү жүрүү укугу тебеленүүдө

Бул тууралуу И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Жумадыл Турганбаев Сопу-Коргондон “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда 14-январдан бери айыл аралап каттоо кыйынчылыкка турууда. Милиция кызматкерлери 15-январда Аскалы айлынан Сопу-Коргонго келе жаткан элдин жолун тосуп, алар түшкөн машинаны кайра артка кайтарган. “Биздин айылдыктарга башка айылдарга, райондун борборуна барууга да мүмкүнчүлүк берилбей жатат,”- деп билдирди Ж. Турганбаев.

Ош облустук ИИБ жетекчисинин орун басары Шакир Зулимов бул маалыматтарды четке какты. Анын айтуусунда Сопу-Коргондо участкалык милиция кызматкерлеринен башка милиция жок.(ZKo)
XS
SM
MD
LG