Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Евробиримдик Гаитиге 575 милион доллар убада кылды


Евробримдик убада кылып жаткан 400 миллион евро же 575 млн доллар зилзаладан талкаланган Гаитиге чукул жардам жана калыбына келтирүү иштери үчүн берилет. Ал акчанын 474 миллион долларын шаркеттин аткаруучу органы - Еврокомиссия, 132 миллионун уюмга мүчө өлкөлөр ажыратат.

Бул аралыкта Эл аралык Кызыл чырым уюмунун билдиргенине караганда, өлкө борбору Порт-о-Пренсте зордук –зомбулук жана талап-тоноочулук аракеттери күчөөдө. БУУнун Гаитидеги абал менен кечээ жеринде таанышкан башкатчысы Пан Ги Мун зилзаланы ондогон жылдардан берки эң олуттуу гуманитардык кризистердин бири деп атады. Ал бүгүн кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинде маалымат бергени жатат.

Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан бул өлкөдө күчү 7 баллды түзгөн жер титирөө өткөн шейшемби күнү болгон эле. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, андан өлгөндөр саны 200 миңге чейин жетүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG