Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:15

И. Исаковду бошотуу талабы менен саясий ачкачылык уланууда


Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүнө караганда, 19-январга карай жыйырмадан ашуун киши ачкачылык акциясын улантууда. Алардын 12си Бишкекте, он бири Алай районунда. Ачкачылык акциясын улантып жаткандар саясий репрессияларды токтотуу, саясий туткундарды бошотуу талаптарын 18-январда президент Курманбек Бакиевге коюшту. Алар ошондой эле эл аралык коомчулукка кайрылып, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбоого, ал эми кыргыз калкына патриот уулдарын коргоого үндөдү.(AiT)

XS
SM
MD
LG