Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Иранда прокурор киши колдуу болуп өлдү


Ирандын маалымат каражаттары түндүк-батыштагы Хой шаарынын прокурору ок жеп каза болгонун кабарлашты. ИРНА агенттиги полициянын маалыматына таянып жазганына караганда, Вали Хажж Голизадехти белгисиз бирөөлөр үйнүнүн жанынан атып кетишкен. Хой – Ирандын азерилер менен күрт азчылыктары байырлаган чөлкөмүндө жайгашкан. Мындан бир жума мурун Тегеранда окумуштуу-физик киши колдуу болуп өлгөн.

 

XS
SM
MD
LG