Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

“Дордойдун” кетип калган оюнчулары эртең Кыргызстанга кайтат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Дордой-Динамо” клубунун вице-президенти Улукбек Салымбеков билдирди. Эч кимге айтпай кетип калган африкалык футболчулар Таго менен Дэвид Теттеге карата кандай чара колдонулаары “Дордой” Москвадагы мелдештен кайтып келгенден кийин белгилүү болоорун айтты. Ушул айдын башында Тетте мене Таго клуб жетекчилерине айтпай Тажикстандын “Вахш” футбол клубуна кетип калганы маалым болгон. “Дордойдун” жетекчилери мындай ээнбаш аракети үчүн бул футболчулар сот жообуна тартылышы ыктымал экенин эскерткен. Таго 2009-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу деп таанылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG