Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Казакстан: Г.Павлюктун өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат


Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин атайын өкүлү Кубанычбек Жуманов бүгүн Астана шаарында маалымат жыйында билдирген. “Ушул тапта иликтөө иштери ар кандай версияларды карап жатат. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн азырынча толук маалымат берилбейт”, - деп билдирген К.Жуманов. Ошондой эле ИИМ өкүлү журналисттерге Г.Павлюктун өлүмү боюнча бардык иш-чаралар жыйынтыкталганда кошумча маалыматтар айтыларын белгилеген.
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматынын ооруканасында 22-декабрь күнү эс-учуна келе албай жатып каза тапкан. Ал 16-декабрда колу-буту байланган шартта жерде жаткан жеринен табылган. Казак полициясы аны үйдүн алтынчы кабатынан ыргытылганын аныктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG