Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Гаитиде дагы бир жолу жер титиреди


Бул ирет анын күчү 6,2 баллга жеткенин АКШнын Геологиялык кызматы билдирди. Зилзаланын очогу Гаитинин баш калаасы Порт-о-Пренстен 56 чакырым түндүк-батышыраакта орун алды. Азырынча андан жапа тарткандар тууралуу маалымат түшө элек.

Мындан бир апта мурун Гаитиде күчү 7 баллга жеткен катуу зилзала болгон. Андан баш калаа жана бир топ аймактар дээрлик толугу менен кыйрап калган. Азырынча 75 миң адам өлгөнү ырасталды. Урандылар астында калгандарды куткаруу иштери уланууда. Ушул тапта дүйнө боюнча Гаитиге гуманитардык жардам агылып жатат. Аралда коопсуздукту камсыз кылууга Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кошумча 3500 аскер жибере турган болду.

XS
SM
MD
LG