Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

АКШда республикачыл Скотт Браун Массачусетстен сенатор болуп калды


Шейшембидеги шайлоодо ал 52% добуш топтоп, демократ Марта Коуклини жеңди. Ошентип, көп жылдардан бери бул жерде сенаторлукта турган белгилүү демократ Эдвард Кеннединин оорду республикалык партиянын өкүлүнө өттү. Кеннеди былтыр дүйнөдөн кайткан.

Скотт Браун 41-республикачыл сенатор болуп калды. Бул дегени республикачыл сенаторлордо айрым чечимдерге добуш бербей койгонго укук пайда болду дегенди билдирет. Азыр Америкада президент Барак Обаманын саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча сунушу кызуу талкууланып жатканда, аны эми республикачылдар колдобой коюшу мүмкүн деген кеп айтылууда. Республикачылдардын жеңиши Обаманын президент катары бир жылдык мезгилине туш келди.

XS
SM
MD
LG