Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Ө.Токтоназаровдун акциясы жылдырылды


“Азаттык” үналгысынын угармандары кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтоназаровдун билдиришинче, кыймыл 28-январда Улуттук телерадио корпорациясынын алдында “Азаттык” үналгысынын уктурулушун талап кылган акция уюштурмак. Бул тууралуу ал Бишкек шаар мэриясына билдирүү жиберген. Бирок мэриядан жооп катары катта УТРК дебей, толук жазуу керектигин белгилеген жооп алган. “Бул эмне болгон кыймыл, талабыңар эмне, каттодон өттүңөр беле деп менден сурак алып, түшүнүк кат жаздырышты жана акция учурунда курал-жарак колдонулабы, жокпу деп сурашты ”, - дейт Ө.Токтоназаров. Ал акцияны 8-февралда өткөрүү туурасында кайрадан мэрияга кат жөнөткөнүн белгилеп, эгер уруксат берилбесе БУУнун Бишкектеги үйүнүн алдына ачкачылыкка чыгарын кабарлады. Ошондой эле “Азаттыктын” берүүлөрү УТРКдан укутрулмайын мындай иш-чаралар токтобой, улана берерин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG