Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:44

Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кар көчкү түштү


20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө 16-45те маалымат түшүп, анда Мырза-Аки-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 80-чакырымында кар көчкү түшүп, 4 УАЗ автунасы менен бараткан 20 жүргүнчү көчкүнүн “туткунунда” калышканы кабарланган. Учурда аларды куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Аталган министрликтин билдиришинче, 17-январда Тоң районунда катуу шамал болуп, Темир-Канат, Төрт-Күл, Көк-Сай, Жер-Үй айылдарындагы турак жайлардын чатырларындагы шиферлерди учуруп, жалпысынан 74 миң 743 сомдук зыян алып келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG