Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

ИИМ жыл жыйынтыгын чыгарды


Бүгүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 2009-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, былтыр адам өлтүрүү менен байланышкан кылмыш иштери өлкөдө 0,4 пайызга өскөнүн билдирди. Министрдин айтымында жалпысынан өлкөдө кылмыш статистикасы төмөндөөдө. 2009-жылы бардыгы болуп ИИМ тарабынан 25 011 кылмыш иши катталып, алардын 69 пайызынын бети ачылган. ИИМ былтыр 15 миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун маалымдайт. Ошондой эле ИИМ 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 80 коомдук иш-чаралар уюштурулганын, алардын 51 мыйзамсыз уюштурулган митингдер болгонун билдирет. Буга байланыштуу былтыр административдик тартипти бузгандыгы үчүн 200 адам жоопкерчиликке тартылган. (EK)

XS
SM
MD
LG