Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Консот Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карап, корутундусун чыгарды


Өткөн жылы декабрда Президент парламентке сунуштаган Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Парламент тарабынан каралып 17-декабрда Конституциялык Сотко жолдогон. Аталган мыйзам долбоору бүгүн Консотто каралып, жактырган корутунду чыгарылды. Мыйзам долбоорунун ичинен бир гана Президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу адамды Президенттик Кеңеш тандасын деген норма кабыл алынган жок. Конституциялык Сот Президенттик Кеңеш кеп-кеңеш кылуучу орган болгондуктан президенттин милдетин аткаруучуну тандоого укугу жок деген тыянак берди. Эми бул норма башка редакцияда жазылышы керек. (AJ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG