Америкалык командачылыктын билдиргенине караганда, Гаитиге кошумча жөнөтүлүп жаткан төрт миң жоокер Жакынкы Чыгышта жана Европада жайгаштырылмак. Эми бул план кийинкиге калтырылды. Муну менен АКШнын зилзаладан катуу жапа чеккен Гаитиге жардам көргөзүү үчүн жиберген аскерлеринин саны 15 миңге жетмекчи. Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан бул өлкөдө өткөн аптада башында күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн каза тапкандар саны 100 миңден ашат деп күтүлүп жатат. Азыркыга чейин 75 миң адамдын сөөгү жерге берилди. Ал эми үй-жайсыз калгандар саны 1,5 миллиондон ашуун деп эсептелинүүдө.