Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Пакистан антитеррордук операцияларын азырынча кеңейтпейт

Пакистан армиясы кеминде дагы 6 ай согушкерлерге каршы операцияларын кеңейте албайт. Бул жөнүндө АКШ коргоо министри Роберт Гейтсти коштоп жүргөн генерал-майор Атар Аббас кабарчыларга билдирди. Куралдуу күчтөргө буга чейин ээлеген турумдарын бекемдөө үчүн бир нече ай убакыт талап кылынат, - деди генерал. Кечээ Пакистан президенти Асиф Али Зардари жана башка расмий адамдар менен жолугушууда Гейтс антитеррордук операциялар азырынча ийгиликтүү жүрүп жатат деп белгиледи.
XS
SM
MD
LG