Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Румыния Ооганстандагы аскерлерин көбөйтөт


Румыния быйыл Ооганстанга кошумча 600 жоокерин жиберет. Ошону менен румыниялык контингенттин саны 1 миң 600 кишиге жетмекчи. Евробиримдик жана НАТОдогу эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Румыния АКШнын Ирак жана Ооганстандагы уруштарын кыйшайбастан колдоп келатат. Ооганстанда румыниялык аскерлер НАТОнун Бейпилдик миссиясынын жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр курамында кызмат өтөп келатышат. Вашингтон Ооганстанга дагы 30 миң жоокерин жөнөтүүгө даярданып жатат.

XS
SM
MD
LG