Бул тууралуу Улуттук Илимдер Академиясынан билдиришти. Буга чейинки кыргыз тил сөздүктөрү 1969-жана 1984-жылдары жарык көргөн. Жаңы сөздүк өзүнө 50 миң сөз камтып, иллюстрациялык материалдар менен коштолгон. Китептин салмагы 3,9 кг экени кабарланууда. Сөздүктө башка тилдерден кирген жана фразеологиялык, диалектологиялык сөздөр камтылган. (EK)