Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Ж. Мусабекова: Кызымды айтып коркутуп атышат


“Форум” гезитинин башкы редакторунун орун басары, журналист Жылдыз Мусабековага коркуткан телефон чалуулар, аркасынан аңдуулар жүрүүдө. Бул тууралуу Ж.Мусабекова “Азаттыкка” билдирди. Ж.Мусабекованын айтымында, соңку күндөрү анын уюлдук телефонуна номуру жашырылган абоненттер чалышып, анын он үч жаштагы кызы бар экенин, өзүн ойлобосо да кызын ойлоп жүрүшү керектигин айтышкан. Ошондой эле журналисттин айтымында, анын унаасынын артынан күмүш түстүү, 87 24 номериндеги Мерседес аңдып жүрөт.

Ж.Мусабековага чалган белгисиз адамдар мурдагы президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковдун мурдагы жан сакчылары экендигин, алар Б.Сыдыковго нааразы болуп кетип калышканын, ага кол салуу даярдалып атканын билишерин, ошол себептүү абайлап жүрүүсү керектигин айтышкан.

Ж.Мусабекова өзү аны коркуткан адамдар ата-бала Сыдыковдордун душмандары да болушу мүмкүндүгүн, аны кимдер коркутуп атканын түшүнбөй турганын, бирок соңку кездери Сыдыковдор тууралуу сын макалаларды жазганын айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG