Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Нарын шаары электр кубаты үчүн 119 миллион сом карыз


Мындай маалымат Нарын шаардык мериясынын бүгүнкү жыйынында айтылды. Шаардын электрге болгон жалпы карызы 2010-жылдын 1-январына карата119 миллион сом болуп, мурунку жылдагыдан 9,8 миллион сомго көбөйгөн. Карыздын 90 миллион сому калкка туура келет. Өткөн жылда шаарда 402 миллион 385 миң сомдук өнөр-жай өнүмдөрү өндүрүлгөн. Бирок бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдордо өндүрүш көлөмү кескин кыскарган. Жыл ичинде 1690 адам жумушсуздук каттоосунда туруп, жумушсуздук деңгээли 6,2 пайызды түзөт. Өткөн окуу жылында шаар боюнча 4 окуучу мектепке тартылбагандыгы, алардын экөө кайра мектепке келгендиги белгиленди. Облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев коллегияда маалыматтар үстүртөдөн айтылды деп баяндамачыларды сынга алды.(KUs)

XS
SM
MD
LG