Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

“Businessweek” парламент төрагасын кепке тартты


Атактуу “Businessweek” журналы Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курмановдон интервью алды. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, журнал төрагадан мамлекетти башкаруу системасын реформалоо, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу тууралуу суроолорго жооп алды.

“Businessweek” журналы жума сайын чыгуучу бизнес жаатындагы популярдуу басылма. Журнал Нью-Йорк шаарынын мэри, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Майкл Блумбергдин медиа империясына кирет. 16 миллиард долларлык байлыгы бар М.Блумберг былтыр Нью-Йорк шаардык кеңешин мыйзамды өзгөртүүгө көндүрүп, үчүнчү жолу шаар акими болуп шайланган. Шайлоо өнөктүгүнө ал 74 миллион доллар короткон. М.Блумберг келгенге чейин Нью-Йорк мэри эки жолу гана шайланууга укугу бар болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG