Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Балыкчынын мэрин шайлоо 27-январга дайындалды


Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 38-статьясына ылайык, Ыссык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 27-январына дайындалды.
Балыкчы шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Президенттин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын инспектору Марипов Улукбек Асамидинович дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Балыкчы шаардык кеңеши менен бирдикте Балыкчы шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруусу тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан каралашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG