Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Парламенттин Координациялык кеңешинин отуруму болду

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курмановдун жетекчилигинде Координациялык кеңештин отуруму болуп, 28-29-январда парламенттин жыйынында каралуучу маселелер талкууланды. Маалыматка караганда, 28-январдагы отурумда ондон ашуун маселе каралышы күтүлүүдө. Алардын ичинде “Темир жол транспорту жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу” жөнүндө мыйзам долбоорлору каралат. Ал эми 29-январда “өкмөттүк күн” өткөрүлүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе каралмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)
XS
SM
MD
LG