Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

СДП уюлдук байланышка кызмат акы көтөрүлгөнүнө каршы


Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйругу менен 1-февралдан баштап уюлдук телефон байланышынын ар бир чалуусу 60 тыйынга кымбаттайт. Буга байланыштуу бүгүн Парламенттин Социал –демократтар фракциясы билдирүү таратты. Анда “бул түздөн түз Конституциялык талаптарды бузуп, экономикалык ишкердүүлүккө тыюу салуу жана тармакты бир колго багындыруунун жолу болуп эсептелет. Жакында эле отун-сууга көтөрүлгөн тарифтерден кийин бул - өкмөттүн элге каршы жасаган кезектеги кадамы”,-деп айтылат. Маалыматка караганда уюлдук байланыштагы ар бир чалууга 60 тыйындан кымбаттатуу тууралу Мамлекеттик байланыш агенттиги 2009-жылдын 30-декабрында №194 буйрукка кол койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG