Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Ливандан Эфиопияга бараткан учак деңизге кулап түштү


Бүгүн “Эфиопия Аба жолдору” компаниясына таандык жүргүнчү учак Бейрут аэропортунан көтөрүлгөндөн көз узабай Жер Ортолук деңизине кулап түштү. Куткаруучулар 20 чакты сөөктү алып чыгышты. Аман калгандарды издөө иштери уланууда. Ливан президенти Мишел Сулейман ал атайлап жасалган кыянатчылык деген шектенүүлөр жок деп билдирди.

- Ливан өкмөтү жана тиешелүү мекемелер аман калгандарды таап куткаруу үчүн бар аракетин көрүп жатышат. Учактагы жүргүнчүлөргө, алардын жакындарына тилектешпиз. Бул абдан кайгылуу окуя.

Көпчүлүк жүргүнчүлөр Ливан жана Эфиопия жарандары болчу. Учак Эфиопиянын баш калаасы Адис-Абебага бараткан. Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Ливанда бүгүн аза күтүү күнү жарыяланды. Маалыматтарга караганда, учакта Франциянын Ливандагы элчисинин жубайы бар болчу.

XS
SM
MD
LG