Бүгүн “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинде каралган атат. Президент сунуштаган бул долбоорго өз корутундусун Конституциялык Сот 21-январда берген. Конституцияга өзгөртүүлөр комитеттин кароосунан өтсө, Жогорку Кеңештин сессиясына чыгарылат. Долбоор бул аптадагы сессиянын күн тартибине кирер-кирбеси маалымдала элек. (BuS)