Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Павлюктун иши боюнча адвокат алмашты


Көз карандысыз журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланышкан кылмыш иште маркумдун кызыкчылыгын мындан ары медиа өкүл Акмат Алагушев коргоп, маркумдун жубайына укуктук жардам берет. Мындай чечимди кечээ ЕККУнун Бишкек кеңсеси маркумдун жесири Ольганын кайрылуусунун негизинде кабыл алды. Ольга ЕККУнун Бишкек кеңсесинин колдоосунда иштеп жаткан мурдагы адвокат Галина Дадабаеванын ишине канагаттанбай жатканын билдирген.
“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда маркум Павлюктун кесиптештери жана жакындары 30-январда анын өлгөндүгүнүн кырк күндүгүн белгилегени жатышат.

Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматыда белгсиз адамдар 6-кабаттан ыргытып жиберишип, анын кесепетинен журналист 22-декабрда мерт болуп калган. Кылмыш боюнча ишти Казакстан ИИМ иликтеп жатат, күнөкөрлөр табылгандыгы тууралуу маалымат тарата элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG