Ооганстандын президенти алардын арасында Кошмо Штаттары жана Европа өлкөлөрү да бар деп билдирди. Карзай Истамбулда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен исламчыл экстремисттерге каршы кызматташттыкты жана эки тараптуу байланыштарды талкуулагандан кийин сүйлөдү. Ал эми НАТОнун жетекчиси Андерс Фог Расмуссен "Азаттыкка" талибдер менен элдешүү жана аларды кайра элдин жашоосуна аралаштыруу аракетин ооган өкмөтүнө калтыруу зарыл экендигин билдирди. Акыркы 24 саатта Ооганстанда эки кол салууда НАТОнун эки аскери жан таслим болду.