Ондогон киши жаракат алганы кабарланды. Полициянын билдиргенине караганда, жанкечти дүрмөттөлгөн унаасын ички иштер министрлигинин имараттарынын биринин жанында текшерүүдөн өтүп жатып, жардырып жиберген. Кечээ Багдатта бир эле учурда катарма-катар жардыруулар болуп, кеминде 36 адам мүрт кеткен эле, 70 киши жаракат алган. Өлкөдө 7-мартта парламенттик шайлоо болот. Ал күн жакындаган сайын террор актылары дагы көбөйөт дешет.