Гүлжан Асанованы акимдин орун басары кызматында калтырууну талап кылган 30га жакын киши райондук бийликке барды. Алар Асанованын орун басарлык кызматты убактылуу аткарууга милдеттүү экендигин белгилешти. Сузак район акими аларды кабыл алуу менен бул маселени чече албастыгын билдирди. Алардын өкүлдөрү Жалал-Абад облус бийлигине келип, Г. Асановага райондук жана облустук бийлик туура эмес мамиле жасагандыгын билдиришти. Облустук бийликтин аппарат башчысы райбийликтин Г. Асанова өңдүү бардык орун басарлары өкмөт башчынын 20-январдагы буйругу менен кызматтарынан бошотулганын билдирди. (YA)