Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Ат-Башы районунун мектептерине сапатсыз көмүрлөр түшүрүлгөн


Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы орто мектепке тартылган 73 тонна көмүрдүн 5 тоннасы, Кара-Булуң айылындагы мектепке алынып келген 129 тонна көмүрдүн 15 тоннасы таш болуп чыккан. Көмүрлөр «Турук» көмүр кесиминен түшүрүлгөн. Ушундай эле абал райондогу Кызыл-Туу айылындагы орто мектепте да орун алган. Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунун клуб, китепкана, маданият үйлөрүнө көмүр түшүрүлгөн эмес. Ал эми Ат-Башы райондук балдар жана уландар спорт мектебинин түтүктөрү жарылып калган. 2009-жылы Республикалык бюджеттен мектептердин кезектеги оңдоо иштерине каражат 2008-жылга салыштырмалуу 630, 3 миң сомго аз бөлүнгөн. Бул тууралуу маалыматты облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Айсалкын Карасартова билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG