Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Петровка окуясы боюнча камакта 2 киши ачкачылыкта


Петровка окуясы боюнча камакта отургандардын экөө ачкачылык акциясын улантууда. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда Петровка окуясын уюштуруучулар деп шектелгендердин катарында камалышкан эрди-аял Элвира Маматханова менен Князь Куляшов акцияны 22-январда башташкан. Акцияга чыккандар 21-январда күч бийлигине кайрылуу жолдоп, анда күнөөсү жоктугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышкан. Суранычты энесинин, бир тууганын өлүп, жашы жете элек жээни жана үй-жайы кароосуз калгандыгы менен негиздешкен. Сураныч аткарылмайынча акцияны токтотпой тургандыгын айтышууда. Аталган үй-бүлө былтыр жазда Петровка жаңжалын уюштурду деп күнөөлөнүп, апрель айынан бери камакта отурат. Уюштуруучулардын катарында камакта укук коргоочулар Улан Рыскулов, Сапар Аргынбаев, саясатчы Эркин Бөлөкбаев да бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG