Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Конституцияга өзгөрүүлөр фракцияларда каралат


Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун бүгүн парламенттеги “Ак жол”, Коммунисттер фракциялары караган атат. Кечээ Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитети убактылуу президентти Мамлекеттик Кеңеш дайындайт деген өзгөртүүнү сунуш кылды. Парламенттеги оппозициячыл депутаттар президенттин убактылуу милдетин аткаруучу адам эч кандай кошумча структурасыз эле, дүйнөлүк прогрессивдүү тажрыйбага ылайык аныкталышы керек деп жатат.
Конституциялык Сотко сунушталган Баш мыйзам долбоорунун 52-беренесинде президент өз ишин аткара албай калган шартта жаңы президент шайланганга чейин өлкөнү убактылуу башкаруучу адамды Президенттик Кеңеш аныктаары көрсөтүлгөн болчу. Конституциялык Сот 21-январдагы отурумунда Президенттик кеңеш коллегиалдуу орган болуп саналбайт деп тапкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG