Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Бишкекте тарыхый имараттар жок кылынууда


Тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу мыйзам иштебей жатат деп билдирди бүгүн маданият агенттигинин башчысы Султан Раев социал-демократтар фракциясынын жыйынында. Анын маалыматы боюнча бир эле Эркиндик көчөсүндө тарыхый мааниси бар 60 имарат жок кылынган. Мындай имараттарды түрттүрүп салып, ордуна жаңы курулуш түшүрүүгө Бишкек шаардык мэриясы уруксат берген. С. Раев мэриянын мындай уруксат берген кызматкерлери жоопко тартылышканын кошумчалады.
Бүгүн социал-декмократтар фракциясы “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG