Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө дагы эки фракция макул


Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси бүгүн социал-демократтар жана Коммунисттер фракцияларында да каралды. Социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева Мамлекеттик кеңеш 2006-жылы эле түзүлгөнүн белгилеп, “мурдатан эле бар органды дагы бир жолу түзүүнүн зарылчылыгы барбы?” деген суроону койду. Ошондой эле ал Конституциялык сотту өз ыйгарым укугунан аша чаап, Президенттик кеңештин ордуна башка институт түзүү тууралуу кеңеш бергенин сынга алды. Жалпысынан фракция кечээ ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинин жыйынтыгы менен макул болду. Ал эми Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев Мамлекеттик кеңеш түзүү тууралуу өзүнчө мыйзам долбоору түзүлүүшү зарыл деп эсептейт. И. Масалиев бүгүнкү күнү ЖК төрагасы да, премьер-министр да башкаруучу партиянын өкүлдөрү экенин эске алып,
бул долбоордун демилгечиси “Ак жол” фракциясы эмес, оппозициялык партиялар чыкса жакшы болмок деп белгиледи. Аягында фракция Башмыйзам долбоорун 1-окуудан жактырды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG