Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

НАТО Казакстан аркылуу Ооганстанга жүк ташый алат


Казакстан Ооганстанга багытталган жүктү өз аймагы аркылуу ташууга НАТОго расмий уруксат берди. Альянстын баш катчысы Андерс Фог-Расмуссен белгилегендей, Европа менен Ооганстанды Россия, Казакстан жана Өзбекстан аркылуу байланыштырган жол Пакистан аймагы аркылуу өткөн логистикалык түйүнгө альтернатива болмокчу. Пакистанда болсо акыркы мезгилде согушкерлердин кол салуулары күчөдү. НАТОго кирген айрым мамлекеттер Борбор Азия өлкөлөрүн жана Россияны транзит жол катары пайдаланып келгени менен жалпы уюм Казакстан аймагы аркылуу жүк ташууга туруктуу уруксат ала элек болчу. Келишим тууралуу бүгүн Брюсселде Түндүк альянстын министрлери өткөргөн жыйында айтылды. Эсиңиздерге сала кетели, Кыргызстандын "Манас" аба майданында коалициялык күчтөрдүн өткөөл борбору жайгашкан.

XS
SM
MD
LG