Жалал-Абат облустук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Бактыкан Ажыматованы бир нече күндөн бери телефон аркылуу жана СМС менен коркутуп келген киши аныкталды. ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай милиция белгисиз “баатырды” аныктоо иштерин жүргүзүүдө Б. Ажыматованы коркутуп жүргөн адам Сузак районунун Кызыл-Туу айлынын 21 жаштагы тургуну экени аныкталган. Учурда шектүү адам кармалып, сурак берүүдө.
Өзүнө белгисиз бирөөдөн “жашагың келсе, ишиңден кет”, “Жашайм десең жөн жүр” деген сыяктуу СМС билдирүүлөр келип, телефон аркылуу да коркутуулар болуп жатканын билдирген Б. Ажыматова 25-январь күнү Жалал-Абат шаардык ИИБна кайрылып, буга байланыштуу кылмыш жаза кодексинин 113-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.(ZKo)