Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Украинада парламент Ички иштер министрин кызматтан алды


Министр Юрий Луценкону шайлоо өнөктүгү учурунда милицияны колдонгон деп айыпташты. Луценко президенттикке талапкер Юлия Тимошенконун жакын санаалашы катары белгилүү. Өткөн дүйшөмбүдө ал ички иштер министрлигинин аскерлеринин жардамы менен өлкөдөгү басмакананын башчысын алмаштырганга аракет кылган. Бул басмаканада шайлоонун бюллетендери басылмак. Күч менен комбинатты басыл алууга президенттикке башка бир талапкер Виктор Януковичтин тарапкерлери жол беришкен жок. Алардын ишениминде, Тимошенко шайлоонун жыйынтыгын бурмалаш үчүн кошумча бюллетендерди басып чыгарууга далалат жасады. Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 7-февралда өтөт. Президенттик кызмат үчүн “Региондор партиясынын” төрагасы Виктор Янукович менен Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко ат салышууда.

XS
SM
MD
LG