50 миңден ашык сөз жана сөз айкашын камтыган сөздүктүн бет ачаары бүгүн Улуттук илимдер академиясында болду. 1460 беттен турган көлөмдүү китеп филология илимдеринин доктору А.Акматалиевдин жалпы редакторлугу астында 1 миң нуска менен чыгарылган. Буга чейин 1969-жылы чыгарылган сөздүктө 25 миң сөз болгондугу жаңы сөздүктүн бет ачаар аземинде айтылды. (AiT)