Бүгүн Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш уланат. Эки күн мурда башталган мелдешке Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан спортчулары катышып жатышат. Мелдештин жыйынтыгы 31-январда аяктайт. Кыргызстанда Шопоковдун наамындагы бокс боюнча мелдеш отуз алтынчы ирет өтүп жатат. (BuS)