Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Укук коргоочу Токтонасыров прокуратурага кайрылды


“Азаттыкты” коргоо кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтонасыров Ленин райондук прокуратурага арыз берди. Ал Ленин райондук милиция кызматынын эки кызматкерине каршы кылмыш ишин козгоону сурады. Укук коргоочу милиция кызматкерлерин пикет өткөрүүгө тоскоолдук жасады, кызматынан аша чаап пайдаланды, адамдын конституциялык укугуна шек келтирди деп айыптап жатат. Кечээ Токтонасыров “Азаттык, Азаттык жана “Азаттык” деп жазылган кагаз көтөрүп, УТРКнын алдына пикетке чыкканда тартип коргоо кызматкерлери эскертүү берип, акцияны күч менен токтотуп коюшкан. “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин өзүнүн акцияга чыгары тууралуу Бишкек шаар мэрине он күн мурда билдиргени менен далилдөөдө. Токтонасыров келерки пикетти 8-февралда өткөрүүнү, ал тууралуу мэрияга мыйзамга ылайык маалымат бергенин кошумчалады. (BuS)

XS
SM
MD
LG