Улуттар уюму Гаитидеги 12-январдагы зилзалада 85 аскери, кызматкерлеринен айрылган. Баш-катчы Пан Ги Мун муну өзүнүн өмүрүндөгү эң кайгылуу окуялардын бири катары сүрөттөдү. Акыркы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жалпысынан 170 миңдей адам мүрт болду, жүз миңдеген киши там-жайсыз калды.