Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Иранда дагы 16 активист соттолууда


Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, Тегеранда бүгүн оппозициянын дагы 16 активисти соттолду. Алар былтыр декабрда болгон нааразылык акциялары маалында кармалышкан. ИРНА агенттиги 5 адам оор кылмыштар үчүн, анын ичинде динге акаарат келтирген деп айыпталып жатканын маалымдады. Мындай айып үчүн Иранда өлүм жазасы каралган.
Калгандары өлкөнүн коопсуздугуна каршы кутумчулук кылуу, системага каршы үгүттөө, нааразылык жана тополоңго тукуруу аркылуу коопсузудукка коркунуч келтирүү деген статьялар боюнча күнөөлөнүп жатышат. Жума күнү Amnesty International уюму, АКШ, Европа биримдиги жана Британия өкмөтү 2 оппозиционердин соттун өкүмү менен дарга асылганын айыпташкан. Алар былтыркы июнь шайлоосунан кийин тутанган антиөкмөтчүл демонстрацияларга байланыштуу сот жообуна тартылган. Августтан бери Иран өкмөтү 100дөн ашуун саясий активистти соттоду. 11 киши өлүм жазасына тартылды, 90ден ашууну түрмөгө кесилди.

XS
SM
MD
LG