Эквадор президенти Батыштын Гаитиге жардам берүүсү “империалисттик” ыкма менен жүргүзүлүүдө деп сындады. Рафаэл Корреа кайсы бир өлкөнү же уюмду атап көргөзбөгөнү менен, жардамдын ири бөлүгү кайрадан донорлорго кайтып барууда деди. Ушундай эле сын-пикирлерин буга чейин Венесуэла жана Боливия президенттери айтышкан. Корреа ушу тапта Түштүк Америка өлкөлөрүнүн биримдигине төрагалык кылат. Гаитиде 12-январда болгон жер титирөөдө курман болгондордун саны 150 миң кишиден ашты.