Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Журналист Г. Павлюктун кыркылыгы белгиленди


Буга байланыштуу “Журналисттер” коомдук бирикмеси Кыргызстандагы медиа уюмдар арасында атайын акция баштады. Бул акциянын жүрүшүндө гезиттерде “Эстен кетпейт. Геннадий Павлюктун киши колдуу болгонуна кырк күн болду.” деген бир гана сүйлөмдү жарыялоо, ал эми Интернет сайты бар жалпыга маалымдоо каражаттарына ушул эле сүйлөм жазылган баннерди бир жума бою жайгаштыруу каралган.

Г. Павлюктун кесиптештери, жакын санаалаштары маркум журналисттин кыркылыгына байланыштуу шаарда жөө жүрүш өткөрүү тууралуу мындан он күн мурда шаардык мэрияга арыз жолдошкон. Бирок шаар жетекчилиги жүрүш кандайдыр бир козутум менен коштолуп кетиши ыктымал экенин айтып, бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Бул тууралуу демилге тобунун атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” мындай деди:

“Биз жагылган шамдар, гүлдөр менен жүрүш жасоону ойлогонбуз. Бирок мындай жүрүш балким кандайдыр бир козутум менен коштолуп кетиши мүмкүн деп, айтор улуксаат беришкен жок. Болгону алар биз көпчүлүктүн көңүлүн бурбай Павлюк жашаган үйдүн оозуна чогулсак болоорун айтышты. Биз болсо Эркиндик сейил багы менен Ала Тоо аянты тушка, жанагы сүрөт галереясы, карагайлар өскөн жерде чогулсакпы деген планыбыз бар эле.”

Геннадий Павлюктун жубайы Ольга бүгүн Кара-Ой айылындагы Павлюктун бейитине анын үй бүлө мүчөлөрү, өтө жакын дос-туугандары гана барып эскерүү расмисин өткөрүп келээрин “Азаттыкка” кечээ билдирген.

Г. Павлюк өткөн жылдын этегинде Казакстандын Алматы шаарында киши колдуу болуп өлгөн. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул кылмышка Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар болушу ыктымал экенин билдирген. Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 26-январда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Казакстандан атайын иликтөөчү топ бир жума бою Кыргызстанда болгонун, бул өлкөнүн жарандарынын кылмышка тиешеси бар деп айтууга азырынча негиз жок экенин аныкташты, деп билдирген. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр журналист кесибине байланыштуу киши колдуу болду деп ырастап келишет.
(EBM, GA)

XS
SM
MD
LG