Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Ачкачылык акциялары уланууда


Мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковду камактан бошотуу талабы менен 13-январда Бишкекте жана Алайдын Сопу-Коргон айылында башталган ачкачылык акциялары уланууда. Ачкачылык жарыялагандардын башында турган Саясий тутукундарды коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда Бишкекте беш, Сопу-Коргон айылында он киши ачкачылык кармашууда. Алардын саламаттыгына дарыгерлер көз салып, ден соолугу начарлагандар ачкачылыгын токтотуп, алардын ордун улам башка кишилер толуктап турушат. Топчубек Тургуналиев ошондой эле талаптар аткарылмайын акция токтотулбасын кошумчалады.

11-январда Бишкек гарнизондук соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен жана генерал-лейтенат наамынан ажыратуу өкүмүн чыгарган. Исмаил Исаков мындай өкүмдү саясий куугунтук катары бааларын билдирген. (SM)

XS
SM
MD
LG