Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Пакистандагы талиптердин лидери өлдү деген маалымат тарады


Пакистандын мамлекеттик сыналгысы өлкөдөгү талиптердин ана башы Хакимулла Мехсуддун көз жумганын кабарлады. Мехсуд ай башында америкалык пилотсуз учактын соккусунан жарадар болгон. Бул кабарды көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо азырынча мүмкүн эмес. Талибандын маалымат өкүлү Мехсуддун өлүмү жөнүндөгү кабарды төгүнгө чыгарды. Пакистан армиясы азыр бул маалыматты иликтеп жатат. Мехсуддун өлүмү исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүп келаткан Вашингтон жана Исламабад үчүн ири ийгилик болуп калмакчы. Ал жетектеген кыймыл Пакистандагы бир катар кол салуулур үчүн жооптуу жана Ал-Кайида менен тыгыз байланышта экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG