Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Давос форуму аяктады


Швейцариядагы Дүйнөлүк экономикалык жыйындын соңунда ишкерлер жана өкмөт жетекчилери глобалдык экономика оңолуунун жолуна түштү дегенге макул болушту, бирок жумуш орундарын көбөтүп, дүйнөлүк кризиске мындан ары башка жол бербөөнүн жолдору боюнча мунасага келе алышкан жок.
Беш күндүк жылдык жыйынга АКШдан бирин-серин киши катышты, Бразилиянын президенти Лула саламаттыгына байланыштуу келе алган жок. Германиянын тышкы иштер министри, Пакистандын өкмөт башчысы жана Ооганстандын президенти жыйын башталааардын так алдында келе албайбыз деп коюшту. Кытай менен Индия мартабалуу өкүлдөрүн жөнөттү, бирок Орусиядан эч ким болгон жок.

XS
SM
MD
LG